18 кылымда Теңир Тоо арстаны деген каймана аты менен Тайлак баатыр атабыз карт тарыхта өлбөс өчпөс болуп жалындуу жаштыгын курмандыкка чалып атпай Ата-Журт үчүн мерт болгон… Улуу инсандын жаркын элесине таазим кылып башкы продюсери, идеанын автору Жолдошбек Жанжигит жана жеке ишкер Мирбек Райымов келечекте сөзсүз чоң көркөм тасма тартылат деген ишеним менен аз болсо да Тайлак атабыздын ички ой сезимин бергенге аракет кылды, сиздерден колдоо, сунуш пикир күтөбүз.
Добавить комментарий